Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында муниципалдык менчиктеги спорттук клубдун ачылыш салтанаты болду. Ага спорт сүйүүчүлөр, айыл тургундары, акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров, Баетов айылынын өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев катышты.

Баетов спорт клубунун сырткы көрүнүшү

Ачылыш аземге айыл тургундары катышты
Спорт клуб айыл жаштарынын демилгеси, каржылык колдоосу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жергиликтүү кеңештин депутаттары бюджеттен акча каражатын дагы бөлүп беришкен.

Мелис Кудашов жергиликтүү кеңштин депутаты

Медер Асаналыы уулу спорт клубду ачууну демилгелеген жана колдоо көрсөткөн жаштардын бири
Айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтканына караганда аталган спорт клуб ачуу боюнча жаштардын демилгесин дароо колдоого алган.

Алмаз Абдылдаев Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы

Улан Жылтыров-акимдин биринчи орун басары
«Айыл жаштарынын демилгеси жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен кайрадан жаштардын спорт ордосу болуп ачылып жатат. Облуста айыл өкмөттүн алдында ачылып жаткан биринчи спорт клуб. Буюрса бул клубдан спорт чеберлери, чемпиондор чыгат деп ишенем. Имараттын буга чейин эч кандай документи болгон эмес. Атайын адистердин жардамы менен мыйзамдаштырып бердик. Мындан сырткары 4 кызматкер жумуш орду менен камсыз болду»,- деди.

Качкын Абышбаев Аксакалдар кеңешинин төрагасы
Ал эми Аксакалдар кеңешинин төрагасы Качкын Абышбаев бул имарат мурда колхозго тиешелүү болуп, мал үчүн атайын тоют даярдоочу ишкана болгон.
Ачылыштын соңунда спорт клубдун ишке киришине салым кошкон атуулдарга Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жана Баетов айыл өкмөтүнүн грамотасы менен ыраазычылык каты тапшырылды.

Спорт клубду ачууга көмөктөшкөн жана колдоо көрсөткөн атуулдарга айыл өкмөтүнүн грамотасы тапшырылды


Асаналыы уулу Медер Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы менен сыйланды

Барчын Мамытбекова