“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Даректүү тасмага билеттер мажбурланып берилген эмес

11 Май 2022 жыл 21:36
Көрүүлөрдүн саны: 202

9-Май күнү  Баетов айылындагы Жеңиш майрамына арналган иш-чарадан кийин райондук маданият үйүндө Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараев жана КМШ мамлекеттеринин сегиз улутунун 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы эрдиктерин камтыган  «Баатыр баяны»  көркөм-даректүү тасманын премьерасы болгон. Тасманын мазмуну ар бир Кыргызстандын жарандарына, өсүп келе жаткан жаш муундарга өз тарыхын билип,  мекенчил сезимдерин туура калыптандыруу, эл-жерди сүйүү, мамлекетибиздин улуттук идеологиясын бекемдөө болуп саналат.

Тасма көрсөтүлгөндөн кийин социалдык медиаларга даректүү тасманын билети мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде иштеген кызматкерлерге 100 сомдон мажбурлоо менен сатылганы тууралуу маалымат чыккан.

Бул тууралуу райондук кинодирекциянын жетекчиси Ринат Абдиев: «Билеттин мажбурлоо сатылганы тууралуу маалыматым жок. Биз болгону аппаратураны гана коюп бердик»,- дейт.

Ал эми Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова билет мажбурлоо менен сатылбаганын айтты.

«Азыркы биздин бейпил турмуш, тынч жашообуз, жаркыраган заман ошол Тукубай ата сыяктуу ата-бабаларыбыздын эмгеги, баатырдыгы, өмүрү менен келген. Алардын эмгегин барктоо, урпактарга унуттурбай жеткирүү биздин, азыркы муундун милдети. Фильмди көргөн адам мына ушуну сезет. Премьераны көргөзү боюнча облустан кат келген. Ошонун негизинде мекемелерге билет  берилген. Бирок эч кандай мажбурлоо болгон эмес.  Өтпөй калган билеттер кайра кайтарылып берилет»,- дейт.

Барчын Мамытбекова