“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мелдеште чогулган каражат кайрымдуулукка жумшалат

11 Май 2022 жыл 11:28
Көрүүлөрдүн саны: 105

Акталаа районунда Улуу Жеңиштин  77 жылдыгына карата 35 жашка чейин жана андан улуулар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдештин жүрүшүндө бардык оюнчулар мыкты оюн көргөзүүгө аракет кылышты. Жыйынтыгында 35-жашка чейинкилер арасында

1-орунду Баетов,

2-орунду Бейшеналиев мектеби

3-орунду 2000-жылкы оюнчулардын командысы  камсыздады.

Ал эми 35-жаштан жогорку командалар арасында

1-орунду 37 жаштагы,

2-орунду 46 жаштагылар,

3-орун 35 жаштагы оюнчуларга буйруду.

46 жаштагы оюнчулар 2-орунду алышты

Бейшеналиев командасы

Жеңүүчүлөр медалдар менен сыйланышты

Улан Доктурбек уулу(солдо) -сыйлык тапшырууда

Мындан тышкары  «мыкты дарбазачы»,» мыкты чабуулчу»,  «мыкты оюнчу» номинациясы менен дагы  сыйланышты.

Оюндун жеңүүүлөрү

Ак-Талаа райондук спорт инструктору Улан Доктурбек уулунун айтымында  облустук спорт комитетинен дипломдор, медалдар тапшырылды. Ошондой эле чогултулган каражат Бактыбек кызы Амирага кайрымдуулук үчүн жумшалды.

 

Барчын Мамытбекова