“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Согуштан кайтпай калгандар үчүн жашагыла…

16 Май 2022 жыл 17:16
Көрүүлөрдүн саны: 194

Асылбек Кожеков Афганистанга интернационалдык милдетин өтөөгө чакырылган кезде 18 гана жашта болгон. Артынан туяк калган эмес. Иниси Ильичбек Кожековдун айтымында  баатырды кандайдыр бир кырдаал, учур жаратат.

«Афган жоокерлери, алардын эрдиктери 15-февралда гана эмес, ар бир күнү эскерилип, эрдиктери даңкталып туруш керек.  Жазуучудан китеп калса, баатырдын артында өлбөс-өчпөс  эрдиги калат. Мезгил жаңырат, эл жаңырат, муун жаңырат, бирок патриоттук  сезим түбөлүк болуш керек. Аман-эсен кайтып келген жоокерлер силер кайтпай калгандар үчүн да жашашыңар керек. Ошон үчүн оорубагыла, аман болгула»,- деди.

Барчын Мамытбекова