Мындан көп жылдар мурун 19-май Советтик балдардын «Пионерлер күнү» деп белгиленип, майрамдык мааниге ээ өзгөчө күн болгон. Бул күнү пионерлер ак көйнөк, кызыл галстугун тагынып, колдоруна гүл менен кошо барабан, сурнай көтөрүп парадга чыгышкан. Алар Ленинди даңазалаган ар кандай ырларды окуп, сынак, спорттук мелдештерди уюштуруу менен кошо кечинде от жагып, ыр ырдап, бий бийлеп көңүл ачышкан. Жадакалса бул күнгө арналып республикалык иш-чаралар өтүлчү. Советтер Союзу тарагандан кийин бул күн эмес, пионер дегендин өзү жок. Бирок тарых катары бул күн билим берүү мекемелеринде белгиленип келет
Мына ушул күнгө байланыштуу Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде пионерлер күнүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар болуп өттү. Анда окуучулар катарга тизилип, тарыхта калган ал күндү кызыл жагоо тагынып, эскеришти. Барабан, сурнай тартылып, пионерлерди даназалаган ырлар окулду.

Бул күн илгери майрам болчу…

Окуучулар бул күнгө арналган ырларды окушту


Биз да пионер болгонбуз
Мектептин директорунун милдетин аткаруучу Замира Абдырахманованын айтымында пионер деген ким, анын милдети эмне эле учурунда көрүшкөн жок.
«Биз мектеп окуучуларына тарбия берүүчү мындай уюмдарга мүчө болгон жокпуз. Алар СССР менен кош кеткен. Бирок тарыхтан улам билебиз. Улуу эже-байкелерибиз пионерге өтүү сыймык болчу, аябай даярданчубуз. Кызыл жагоо тагынып, пионер болгонубузга сыймыктанчубуз дегендерин угуп калабыз. Демек таасири күчтүү уюм болсо керек» дейт.