“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Дыйкандардын эмгеги текке кетпес үчүн мал тосот уюшулат

26 Май 2022 жыл 13:42
Көрүүлөрдүн саны: 364

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жазгы-айдап себүү иштери аяктап калды. Ошого байланыштуу сугат үчүн суу берүү дагы токтотулду. Ал эми айдалган айдоо аянттарын мал тебелеп, эмгек текке кетпес үчүн жылдагыдай мал тосот уюштурулат. Себеби мал кыштоодо. Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтымында  1-июндан баштап  бадачылар жайлоого көчө баштайт.