“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кош бол, бала бакчам

2 Июнь 2022 жыл 22:49
Көрүүлөрдүн саны: 243

Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында жайгашкан «Айдос» бала бакчасында 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата «Кош бол,бакчам»   аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда балдар бакчада үйрөнгөн ырларын ырдап, бийлеп беришип, ата-энелерин кубантты.

Балдар ата-энелерине ырдап-бийлеп беришти

Кичинекей бөбөктөр элдик ырларды аткарууда

Аталган бала бакчадагы эки тайпада 45 бөбөк бар. Булардын ичинен  16 бөбөк жаңы окуу жылында мектепке кирет.

Бала бакчанын тарбиячылары жана бөбөктөр

Бала бакчанын музыка мугалими Сьезд Жакыпованын айтканына караганда балдардын майрамы менен бирге бала бакча менен коштошуу салтанаты бирге белгиленди.

Сьезд Жакыпова- бала бакчанын музыка мугалими

Ал эми Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүрбек Карыбеков балдарды майрамы менен куттуктап, аларга кең келечек каалады. Ошондой эле  балдарга балмуздак таратылды. Жергиликтүү кеңештин төрагасы Эркинбек Темиров ар бир балага демөөрчүлүк кылып, канцелярдык буюмдарды белекке берди.

Зарина Бейшеналиева