“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Акыркы коңгуроо» салтанатын мектептен башка жайларда белгилөөгө тыюу салынды

6 Июнь 2022 жыл 19:08
Көрүүлөрдүн саны: 187

Өлкөдө пандемия башталгандан бери биринчи  жолу бүтүрүүчүлөргө арналган Акыркы коңгуроо салтанаты офлайн форматта өтөт.

Мына ушул салтанатка байланыштуу КРнын  Билим берүү жана илим министрлигинин  буйругун жетекчиликке алып, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү жалпы орто билим берүүчү мектептерде бүтүрүүчүлөргө арналган салтанатты уюшкандыкта жана окуучулардын коопсуздугун сактоо менен өткөрүүнү тапшырды.

Мындан сырткары менчиктин түрүнө карабастан бардык мектептерге салтанатты өткөрүү үчүн акча каражаттарын чогултууга тыюу салынды.

Каныбек Эсеналиев-Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

«Буйрукка ылайык 9-июнь күнү Акыркы коңгуроо салтанаты бүтүрүүчүлөрдүн, окуучулардын, ата-энелердин, мугалимдердин катышуусунда  мектепте гана өтөт. Ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен оюн-жоок жайларда, кафе-ресторандарда, жаратылышта иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн жана окуучулардын өмүрүнө, ден-соолугуна коркунуч жарата турган күйүүчү  фейерверк ж.б нерселерге дагы тыюу салынды» дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев.

Мектеп жетекчилери бул буйрук менен ата-энелерди тааныштырышкан жана мектептен тышкаркы жерлерде уюштурулган иш-чарага жеке ата-энелер жоопкер болору эскертилген.

Учурда мектеп жетекчилиги жана кызматкерлер менен бирге күнү-түнү көзөмөл уюштурулду.

Барчын Мамытбекова