“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кыз-келиндер арасындагы мелдештер кызуу уланууда

6 Июнь 2022 жыл 19:28
Көрүүлөрдүн саны: 102

Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин жалпы жамааты кыз-келиндер арасындагы спорттук оюндардын кезектеги айлампасын өткөрдү. Бул жолу мелдешке 5 команда катышып,  спорттун волейбол жана  аркан тартыш түрлөрү боюнча күч сынашты.

Командалар аркан тартыш боюнча күч сынашууда

Командалар волейбол оюнунда

Командалар кызуу оюн көрсөтүшүп, жыйынтыгында өтмө кубок Жаңы-Тилек айылынын командасына өткөрүлдү.

Бул оюнда  волейбол боюнча  1-орунду М.Балбаков  мектеби, 2-орунду Аялдар кенеши камсыз кылса,  3-орунга жалпы дарыгерлер практикалык борборунун (ЖДПБ)  командасы татыктуу болду. Ал эми аркан тартышта «Тынчтык» бала бакчасы күчтүүлүк кылып, 1-орунду алышты.   2-орунга Аялдар кенеши жеңп алса, 3-орунга жалпы дарыгерлер практикалык борборунун командасы чыкты.

Зарина Бейшеналиева