“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаадагы Кара-Дөбө чөлкөмүндөгу жол ондолду

11 Июнь 2022 жыл 17:33
Көрүүлөрдүн саны: 110

Ак-Т­алаа районундагы  Баетов айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө чөлкөмүндөгү жайыт жолу оңдолду.

Жол 2 күндө оңдолду


Баетов айылдык жайыт комитетинин төрагасы Медер Асаналиевдин айтымында, аталган жол  союз учу­рунда малчылардын кө­чүп-конуусу үчүн сал­ынган.  Союз тарагандан бери кароосуз калган Кара-Суу жайлоосу­нун Кара-Дөбө чөлкөм­үндөгү жайыт жолу кайрадан оң­доодон өткөрүлдү.

Бул жол союз тарагандан кийин кароосуз калган


«Бул илгери салынган жол экен. Кара-Дөбө­дөн тарта Ак-Чий айыл аймагындагы Турук чөлкөмүнө кете турчу жолго чейин жасадык. Андан ары Бабачал чөлкөмүнө өтүп кетиш­се болот. Жумуш 2 кү­ндө бүткөрүлдү. Атал­ган чөлкөмгө жаз-күз мезгилдеринде малчы­лар жайлашат»- деди М.Асаналиев.

Барчын Мамытбекова