“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Унаа ылдамдыгын азайтуучу дөңсөөлөр кайра жасалат

27 Июнь 2022 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны: 127

Баетов айылындагы борбордук  Манас көчөсү мындан бир аз убакыт мурда иретке келтирилип, жаңыдан жасалган. Борбордук Дөрбөлжүн аянтындагы ири соода түйүндөрүнүн алды атайын тосмолор менен тосулуп, кечкисин балдар ойноого, сейилдөөгө ылайыкталган. Бирок акыркы жылдары соода түйүндөрүнүн ээлери темир тосмолорду каалаган учурда чыгарып алып, оор жүк ташуучу унаалар менен товар түшүрүүнү адатка айландырышты.

Балдар, сейилдөөчү тургундар үчүн кооптуу жагдай жаралды. Баетов айылынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев оозеки эскертүү бергенбиз. Бирок бул ээнбаштык токтобой жатат» дейт.

Барчын Мамытбекова

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.