Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан Ак-Талаа районндагы Көк-Жар айыл аймагынын Ак-Кыя айылындагы 100 орундуу «Келечек-Муун балдар бакчасы ашкана жабдыктар, эмеректер жана оргтехникалар менен камсыз болду.


Ашкана жабдыктары менен камсыз болду



Балдар үчүн эмеректер жаныланды

АРИСтин Ак-Талаа району боюнча эксперти Жаныбек Асылбековдун айтымында долбоордун жалпы наркы 1461 180 сом тузсө, мунун ичинен 183 680 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым бөлүндү.

Жаныбек Асылбеков- АРИСтин АК-Талаа району боюнча эксперти
«Ал эми калган каражат АРИС тарабынан каржыланды. Долбоор Дүйнөлүк Банктын каржылоосунун алдында, КР министрлер кабинетинин колдоосу менен «Айылды инвестициялоонун үчунчу долбоорунун» алкагында ишке ашырылды»,-дейт.
Долбоордун алкагында өткөрүлгөн атайын отчеттук жыйынга жергиликтүү бийлик жана билим берүү тармагынынын өкүлдөрү, АРИСтин облустук жетекчиси жана адистери, айыл өкмөттүн жана бала бакчанын кызматкерлери айылдык кенештин айрым депутаттары, жергиликтүү тургундар катышышты. Балдарды тарбиялоодо шарттар түзүлгөндүгүн жана жергиликтүү тургундар баса белгилешти.

Жыйынга тиешелүү өкүлдөр катышты

Балдар үчүн колдоолорго айыл тургундары ыраазычылык билдиришти

Барчын Мамытбекова