Ак-Талаа районундагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин эшик-терезелеринин эскилиги жетип, жылуулук системасы имаратты талаптагыдай жылыта албай калган. Жакындан бери түрткү берүүчү гранттын эсебинен оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул үчүн мамлекеттен 3 172 382 сом акча каражаты берилсе, мунун ичинен 793 096 сом жергиликтен бюджеттен бөлүнгөн.

Б.Мүсүралиева атындагы орто мектин имараты-сырткы көрүнүшү

Мектептин оң канаты

Мектептин сол канаты
Мектеп директору Талант Саягалиевдин айтымында оңдоп түзөө иштери ортолоп калды.

Талант Саягалиев Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинин директору
“Учурда 57 терезе жана 5 сырткы каалга пластикке алмаштырылды. Жакынкы арада 15 даана ички эшиктер, от казаны, жылуулук системасы толугу менен жаңыланат. Буга чейин АРИСтин долбоору аркылуу чатыры алмашылган. 15-августта өткөрүп алабыз деп турабыз” деди.

57 терезе пластик терезеге алмаштырылды

320 орундуу мектеп 1986-жылы салынганы менен капиталдык ремонттон өтө элек. Азыркы учурда 24 мугалим 155 окуучуга билим тарбия беришет.
Мектепте оңдоп-түзөө иштерин «Вилла» жоопкерчилиги чектелген ишканасы жүргүзүүдө.
Барчын Мамытбекова