“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада балдарга акысыз куурчак театр көрсөтүлдү

22 Июль 2022 жыл 10:46
Көрүүлөрдүн саны: 148

Ак-Талаа районундагы Дербишкан Ажиев атындагы айылдык клубда Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын артисттери балдар үчүн “Шайыр, күлкүлүү вакцина” аттуу оюнду тартуулашты. Театр ЮНИСЕФтин колдоосу менен даярдалгандыктан акысыз көрсөтүлдү.

Аталган театрдын актрисасы Шарапат Кадыралиеванын айтымында куурчак театр дээрлик бардык аймактарда коюлуп жатат.

Шарапат Кыдыралиева-театрдын артисткасы (солдон биринчи)

“Жайкы турду Ысык-Көлдөн баштадык. Бизди барган жерлерде абдан жакшы тосуп алып жатышат. Азыр каникул болгондуктан балдар үчүн жакшы маанай тартуулагыбыз келди. Негизги максатыбыз-балдарды жеке гигиенаны сактоого, колду таз жууганга үйрөтүү менен ар кандай илдеттерге каршы эмдөөдөн коркпоону үйрөтүү болуп саналат” дейт.

Оюн учурунда балдарга вирус, инфекция, короновирус деген эмне экендигин куурчактар аркылуу көрсөтүп беришти. Ошондой эле табышмактар айтылды.

Барчын Мамытбекова