“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кара-Бүргөн айылында жаңы электр мамылары орнотулду

22 Июль 2022 жыл 16:28
Көрүүлөрдүн саны: 106

Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн Төш-Булак жана Э.Акунова атындагы көчөлөрүндөгү авариялык абалдагы электр мамылары алмашылып, бир чакырым көчөгө электр чубалгылары тартылды.

Жаңы электр мамылары орнотулду

Ак-Талаа райондук РЭС мекемесинин кызматкерлери электр мамыларын орнотушту


Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Кудайберген Руслановдун маалыматына караганда айыл элинин электр чубалгыларга болгон муктаждык 95% чечилди.
“Айылда бул боюнча чынында бир аз көйгөйлөр бар болчу. Чубалгылар ылдый түшүп, кыйла эле кооптуу жагдай жаратчу. Ал эми мамылар болсо бир жагына кыйшайып, кулап калууга аз калган. Ошол себептүү Кара-Бүргөн айыл өкмөтү  демилгелеп, долбоор жаздык.  265 000 (эки жүз алтымыш беш миң сом) Ак-Талаа райондук фонд тарабынан каржыланды. Ал эми 130 000 (бир жүз отуз миң сом) жергиликтүү бюджеттен бөлүндү”,- дейт.

Кооптуу жагдай жараткан мамылар алмашылды

Ак-Талаа райондук электр тармагынын кызматкерлери электр мамыларын орнотуп, чубалгыларды тартып беришти.

Барчын Мамытбекова