“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Соң-Көлдө «Манас, маданият жана туризм» фестивалы өтөт

22 Июль 2022 жыл 17:04
Көрүүлөрдүн саны: 100

Жакында Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда «Манас», маданият жана туризм» фестивалынын жетинчи айлампасы өтөт. Фестиваль  Акталаалык манасчы Молдобосан Мусулманкуловдун 140  жылдык мааракесин утурлай уюштурулуп, маданий иш-чаралар менен коштолот. Учурда фестивалга байланыштуу даярдыктар көрүлүүдө.

Райондук маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын айтымында маданият, китепкана кызматкерлери  фестивалдагы маданий иш-чараларды даярдап жатышат.

Курманжан Тиленбаева райондук маданият үйүнүн директору

Ал эми акимдин орун басары Кенже Карагулованын айтымында фестиваль келечек муундарга жана туристтерге кыргыз элинин маданиятын салт-санаасын, жайылтуу менен туризм тармагынын өнүгүшүнө салым кошуу, өнүктүрүү максатында  өтүлөт.

Кенже Карагулова акимдин орун басары

«Фестиваль жыл сайын өткөрүлүп келе жатат.  Жүрүшүндө Молдобасан Мусулманкуловдун вариантындагы «Манас» эпосу боюнча манас  айтуу сынагы, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болот. Мындан сырткары тамак-аш боюнча мастер-класстар өткөрүлөт»,- дейт.

Барчын Мамытбекова