“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада санариптик жана жарандык билим берүү борбору ачылат

27 Июль 2022 жыл 11:18
Көрүүлөрдүн саны: 135

Ак-Талаа райондук Нуркул Кулназаров атындагы китепканага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен  10 даана ноутбук берилди.

Китепкананын директору Гүлжаз Сулайманованын маалыматына караганда китепканада санариптик  жана жарандык билим берүү борбору ачылуу алдында турат.

«Ноутбуктар республика  ар бир регионго 25 даана берилмек. Бизде имарат же бөлмө жоктугуна байланыштуу 10 даана эле берилди. Билим берүү борборунда айрыкча жаштардын инновациялык технологиялар менен иштеп үйрөнүүсүнө, керектүү маалыматтар, шайлоолор боюнча мыйзамдар менен таанышып, билимдерин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт»,- деди.

Мындан сырткары аталган билим берүү борбору окуу залында жайгашкандыктан интернет камсыз менен камсыз болорун кошумчалады.

Барчын Мамытбекова