“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада COVID-19 илдети боюнча абал туруктуу

10 Август 2022 жыл 6:54
Көрүүлөрдүн саны: 93

Ак-Талаа районунда COVID-19 илдети боюнча санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу. Аймакта аталган илдет менен бейтап каттала элек. Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Азамат Дүйшөналиевдин айтканына караганда райондун аймагында азыр эч кандай кызыл, сары, жашыл зоналар жок.

Азамат Дүйшөналиев Ак-Талаа райондук ЖДБнун жетекчиси

“Башка аймактан дагы биздин райондун тургундарынан дагы катталган жарандар жок. Дарыканаларда 3 айлык дары-дарымектер, коргонуучу кийимдер жетиштүү. Учурда 30 койка бар. Күндүзгү дарылоо үчүн да койкалар даяр. Айылдардагы ФАПтар дагы кандай кырдаал болбосун даяр турушат. Биздин оорукананын жылуулук системасын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир аз орун которуулар болот. Бирок даярдалган койкалар кала берет”,- деди.

Эгер райондун аймагында өзгөчө кырдаал болуп, илдет катталып, аныкталса анда биз бейтапты Нарын шаарындагы 70 орундуу ооруканага жеткирүү керек болот.

Барчын Мамытбекова