“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада 40 жыл мурда курулган суу бургулагыч оңдолууда

12 Август 2022 жыл 7:50
Көрүүлөрдүн саны: 94

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 40 жыл мурда курулган суу бургулаган скважина оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Көчөлөрдү жууганга жана парктарды сугаруу үчүн колдонулуп келген скважина коммуналдык чарбага тиешелүү болгон. Кийин союз тараган мезгилде кароосуз калган да суу түтүктөрү таштандыга толуп калган. Кийинчерек эки тарабынан 20м. казылып, суу түтүктөрүн тешип, тазалашкан. Ошону менен айланасындагы тургундар таза суу менен камсыз болушкан. Бирок желим суу түтүгү кичине болгондуктан суу чыкпай калган.

Суу скважинасын тазалоодо ичинен таштандылар чыккан

Керектүү түтүктөр дагы берилген каражатка сатылып алынды

Баетов айыл өкмөтүнүн айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Темирбек Сатыналиевдин айтымында оңдолуп буткөн соң резервуар куруп, айланасындагы 100 гө жакын түтүн элди таза суу менен камсыз кылуу планы бар.

Темирбек Сатыналиев Баетов айыл өкмөтүнүн айыл чарба бөлүмүнүн башчысы

“Скважинаны тазалоону Талант Кадыркулов демилгелеген. Азыр эми чоң суу насосун салганы жатабыз. Баетов айыл өкмөтүнүн аракети менен бул үчүн араб фонддору тарабынан 1млн.500 мин сомго чейин каражат берилип, “Маринстрой” жоопкерчилиги чектелген коому оңдоп-түзөө иштерин жаап жатат. 2-3 күндүн аралыгында суу чыгат деп жатабыз. Мындан сырткары бул каражатка 700м. жер казылып, суу чоргосу орнотулат” дейт.

Тилек Элебаев бригадир

Ал эми бригадир Тилек Элебаев: “ Скважина 1982-жылы колдонууга берилген. Секундасына 15 литр суу берет. Химиялык курамы кальций, азот, темир, туз бар. Геологиялык аныктамасы боюнча ичүүгө жарайт. Эгер жарабаса жабылмак. Болгону тазалоо учурунда темир-тесек түшүрүп жиберишкен экен. Анан балдар дагы таш толтуруп салган. Суу түтүгүнүн диаметри 325” деди.

Барчын Мамытбекова