Гүлмира Каргаева 43 жашта. 15 жылдан бери жолдошу Мыктыбек Разаков экөө элдин малын алып, жайлоого чыгып кетишет. Быйыл 700 гө жакын майда жандык жана 80дей бодо мал менен Орто-Сырт жайлоосунун Талаа-Булак тилкесинде бадага чыгышкан. Тилкенин минтип аталып калышынын себеби-кичине туздуу булак бар.
Жай бою мына ушул жерде тиричилик кылган Гүлмира бир күндүк түйшүгү менен бөлүштү.

“Жайлоодо тирилик таң эрте башталат эмеспи. Эртен менен күн менен эле кошо турабыз. Уйларды саайбыз. Азыр 18 уй саап жаткандыктан ага жолдошум жардам берет. Анан сүт, каймак тартып, кээде курут жаябыз. Малды короодон чыгарабыз. Мал-жан караганга атасына уулум жардам берет. Жолдошум сыркоолоп калгандан бери бээ байлабай калдык. Мындан сырткары бул жердеги бадачылар эки жумада бир шерине тамак ичебиз. Келиндер болсо өзүнчө дагы карым-катышыбыз бар. Телефон тарткандыктан кем-карчыбызды айылдагылар менен байланышып алдыртып алабыз. Жайлоонун жашоосу сонун. Таза аба, тунук булак. Жайлоо өзү берекелүү, пейилди кенен койсо бардыгы жетиштүү” дейт.

Гүлмиранын айтымында жумасына бир ирет 100кг жакын сүзмөнү 50 сомдон өткөрүшөт. Бир жайда болжол менен 150миң сомдун тегерегинде каражат табышканы менен чыгым дагы оңой эмес. Анткени бадага алган мал жоголуп же өлүп калган учурлар болот. Мындай учурда ордун төлөшөт. «Айланада ууру деле жок, башка жайытка кирип кеткен малды кайтарып, ал жердеги бадачылар айдап жиберишет» деп кошумчалады Гүлмира Каргаева.
Баетов айыл аймагына тиешелүү бадачылар Арпа жана Орто-Сырт жайлоолоруна кезектешип чыгышат. Тактап айтканда бул жылы Арпага жайлагандар, келерки жылы Орто-Сыртта калышат.
Барчын Мамытбекова