Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлик практикалык борборуна (ЖДПБ) Р50 маркасындагы акыркы үлгүдөгү Р50 УЗИ аппараты келди.
Борбордун жетекчиси Азамат Дүйшөналиевдин маалыматына караганда УЗИ аппараты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусу (ФОМС) тарабынан берилди.

Акыркы үлгүдөгү Р-50 УЗИ аппараты


Ак-Талаа райондук ЖДПБнун директору
“Баасы 3млн сом. Мурда колдонулуп жүргөн аппаратка караганда функциялары абдан көп. Диагностикалык тактыкты камсыз кылуучу инновациялык аппарат. Жалпы медицинада, акушердик, гинекологиялык тармактарда колдонсо болот. Биздин ишибизди жакшыртууга жардам болот”,-дейт.

Гүлзуура Чолпонбава кош бойлуу аялды жаңы аппараттан көрүүдө
Ал эми ЖДПБнун дарыгери Гулзуура Чолпонбаева:
“Бул аппаратта доплер бар. Тактап айтканда ар бир органдагы кан тамырлардын иштешин, кандын жүгүрүшүн көрсөтүп турат. Кош бойлуу аялдарды, ичтеги баланын өсүшү, патология барбы жокпу, эркектердин жыныс органдары, айтор бардык ички органдарды тартса болот”,- деди.

Гүлзуура Чолпонбаева эски УЗИ аппараты менен иштеп келген
Борбордогу эски УЗИ аппараты мындан бир нече жыл мурда алынып келинген. Бирок эскилиги жеткенине карабастан бейтаптарды тартып, ошого жараша көрсөтмө берип келишкен.
Барчын Мамытбекова