Ак-Талаа районундагы мектептер жана бала бакчалар жаңы окуу жылына карата ремонттон толук өткөрүлдү. Мектептерге мамлекеттик, ал эми бала бакчаларга жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн. Атайын түзүлгөн комиссия ремонттун жасалышын, кышка карата от казандардын даярдыгын карап, кабыл алды.

Бала бакчалар окуу жылына даяр


Мектептер толук ремонттон өттү


Кышка карата от казандар ремонттолду
Акимдин орун басары Кенже Карагулованын айтымында быйыл билим берүү мекемелери имараттарды жакшы денгээлде оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн.

Кенже Карагулова-акимдин орун басары
“Дээрлик бардык мектептерде бөлүнгөн каражаттан сырткары мугалимдер, тарбиячылар өздөрү акча чыгарышып, окуу бөлмөлөрдү сырдап, актоо менен гана чектелбестен, жаңы заманбап үлгүдө жасалгалоого дагы жетишишти. Айрым бала бакчалар көмөкчү чарбадан түшкөн каражатты колдонушкан. Мындан сырткары өткөн окуу жылында түрткү берүүчү гранттын, долбоорлордун негизинде окуу-техникалык базасын чыңдап алган мектептер дагы жок эмес. Ал эми от казандары дагы толук ондолуп, Жаңы-Талап, Кызыл-Белес, Кара-Ой, Көк-Жар айыл өкмөттөрүндөгү билим берүү мекемелерине көмүр түшүрүлдү” деди.
Барчын Мамытбекова