Ак-Талаа районундагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинде 2022-2023-окуу жылына карата кезектеги оңдоп-түзөө, кышка карата даярдык иштерин эң жогорку денгээлде жүргүзүп, райондогу мектептер арасында биринчи орунду жеңип алды.

Мектептин ремонт иштери боюнча 1-орунду женип алды

Мектеп көмөкчү чарбадан түшкөн каражатка акталып-сырдалды
Мектепте Зинабү Жакыпова жана Бейшегүл Мамытованын автордук бөлмөлөрү ачылып, 120миң сомго жасалгаланган. Ал эми мектептин ремонт иштерине мамлекеттен 10мин 200 сом бөлүнсө, мектептин көмөкчү чарбасынан түшкөн 40 миң сомго акталып, сырдалган.

Мектептин 1-кабаты заманбап кафель менен жасалды

Мектеп директору Азамат Дөөлөтбековдун айтканына караганда Ак-Чий айыл өкмөтү тарабынан берилген 115миң сомдун 30миң сомуна мектептин биринчи кабаты заманбап жасалды.(кафель коюлду)
“Калган 85 миң сомго мектепке музыкалык аппаратура алынып келүүдө. Мугалимдер жана кенже кызматкерлер мындай шартта карап турбастан 100миң сом жеке каражаттарын амектептин терезелерине жалюзи алып келип тагышты. Мектепке жалпысынан 385 миң сом акча каражаты тартылып, мектептин материалдык техникалык базасы чыңдалууда” дейт.
Мектеп директору жаңы окуу жылына даярдыктарды көрүүдө салым кошкон бардык жамааттарга ыраазычылык билдирди.
Барчын Мамытбекова