“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар электрондук китептерди колдоно алышат

12 Сентябрь 2022 жыл 19:31
Көрүүлөрдүн саны: 102

Учурда Ак-Талаа районундагы 18 орто билим берүүчү мектепте 7066 окуучу билим алат. Ал эми алардын окуу китептер менен камсыз болуусу 82,6 % түзөт. Тактап айтканда, райондогу жалпы мектеп фондунда 77 461 окуу китеби болсо, 63 431и окуучуларга таратылып берилген.

Окуу китеп менен 82% камсыз болду

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Мирбек Чырмыевдин маалыматына караганда жетишпеген окуу китептери боюнча Билим берүү жана илим министрлигине билдирме берилет.

“Жыл сайын жаңы окуу жылында мектептердин окуу китептери менен камсыз болуусу боюнча маалыматтарды алабыз. Мындан сырткары окуучулар kitep.org.kg сайтынан окуучулар жетишпеген китептердин электрондук вариантын окуй алышат. Чындыгында окуу китептеринин жетишсиздиги окуучунун терең билим алышына кедергисин тийгизет”,- дейт.

Окуу фондунда 77 461 окуу китеби бар

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл окуу китептеринин сапатын жакшыртуу максатында «Окуу китеби» республикалык илимий-практикалык борборун түздү. Борбор окуу китептеринин мазмунун жакшыртуу максатын көздөйт.

Барчын Мамытбекова