“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Муса Баетовдун 120 жылдык мааракеси белгиленет

28 Сентябрь 2022 жыл 10:17
Көрүүлөрдүн саны: 120

Жакында КР ССРнин эл артисти, ырчы, обончу Муса Баетовдун 120 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде бул боюнча жыйын өтүп, анда иш-чаранын планы талкууланган.
Бул мааракени утурлай ырчынын туулуп-өскөн жери Ак-Талаа районунда дагы бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат. Райондук мамлекеттик администрациясынан алынган маалыматка караганда октябрь айларында өткөрүлөт. Учурда мааракени өткөрүү үчүн даярдыктар көрүлүүдө.

Муса Баетов ырчы, обончу (Сүрөт интернеттен алынды)

Залкар талант Ак-Талаа районунда туулган. Ыр-күүгө жакын алты бир тууган айылдагы оюн-зооктун көркү боло турган деп айтылат маалыматтарда.
Жаштайынан турмуштун оор-кыйышын көрүп чоңойгон Муса учурунда ошол аймактын белгилүү комузчусу Ыман Бердиктен күүлөрдү, Тоголок Молдодон секетпайдын улгүлөрүн үйрөнөт. Бара-бара эл арасында ырчы катары тааныла баштаган.
Кийин Нарын шаардык радиосунда, Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды чебер аткарган Муса Баетов жөнөкөй аткаруучудан профессионал опералык ырчыга чейин өсүп чыккан. Анын аткаруусунда «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партиялары коюлган. Ал таланттуу обончу да болгон. «Окудум борбор шаарынан», «Сагынам», «Кыздар ай», «Алма алам» деген ырлары өзгөчө көркөмдүк сапатка ээ. Баетов комузда, домбрада, гармондо эркин ойной билген, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. Баетов «Сарт калмак», «Кургур ай», «Ох-хой», «Ак-Сайдын күйгөнү», Боогачынын «Үкөй», Эсенаалынын «Ой тобо», Токтогулдун «Кербезим», «Келгендеги кербезим», Атайдын «Ой булбул» жана башка элдик жана автордук ырларды зор чеберчиликте аткарган.

Барчын Мамытбекова