“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада окуучулар мугалимдерди куттукташты

5 Октябрь 2022 жыл 12:30
Көрүүлөрдүн саны: 103

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары мугалим эже-агайларга таңкы маанай тартуулашты.


Мектептин босогосуна тизилген окуучулар музыканын коштоосунда келе жаткан ар бир мугалимди тосуп алып жатышты. Андан соң окуучулар тарабынан даярдалган ыр-бий тартууланып, кызыктуу оюндар ойнотулду.


Мектеп директору Астра Токтогулова мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле мугалимдерге сый-урмат көрсөтүп, таң эрте жагымдуу маанай тартуулган окуучуларга жамааттын атынан ыраазычылык билдирди.
Мугалимдердин кесиптик майрамына арналган иш-чара мектеп парламенти тарабынан даярдалды.

Акбар Кеңешбеков, Зарина Бейшеналиева