Бүгүн Ак-Талаа районунда агартуучулардын кесиптик майрамына арналган салтанат өтүп, анда ийгиликтерге жетишкен бир катар мугалим, тарбиячы, китепканачылар сыйлыктарга ээ болушту.
Тактап айтканда, район боюнча “КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин мыктысы” төш белгиси 17, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы менен 24 мугалимге жана тарбиячыларга ыйгарылды. Мындан сырткары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, билим берүү бөлүмүнүн, кесиптик уюмдун ж.б коомдук уюмдардын сыйлыктары тапшырылды.

Агартуунун мыктысы төш белгиси 17 мугалимге тапшырылды

Жалпы 90го жакын мугалимге сыйлык тапшырылды

24 мугалимге КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы берилди

«Санарип» сынагынын жеңүүчүсү Гулзада Жоробекова

Нарын облусунун “Ардактуу атуулу” наамы билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Динара Исаманбетовага, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы Чынара Сатындиевага ыйгарылды.

Нурзат Шыгаева «Мыкты мугалим-2022» сынагынын катышуучусу

Гүлзада Жоробекова

Сүйүнбек Эмилбеков
Ал эми “Жыл мугалими-2022” сынагынын республикалык туруна жигердүү катышкан, Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Нурзат Шыгаеванын, “Санарип” республикалык сынагында 1-орунду жеңип алган Гулзада Жоробекова жана 2-орунду камсыз кылган Сүйүнбек Эмилбек уулунун ийгиликтери баса белгиленип, ыраазычылык билдирилди.
Барчын Мамытбекова
сүрөт: Акбар Кеңешбеков