“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Пенсия эмгек акы жана иш стажыга карата көбөйөт

23 Октябрь 2022 жыл 9:30
Көрүүлөрдүн саны: 111

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып өлкөдө пенсия көбөйдү. Мурда пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом болсо, учурда 3170 сомду түзөт. Ал эми камсыздандыруу бөлүгү 15% көтөрүлдү. Ак-Талаа районуна буга чейин пенсияга 37млндон ашык каражат которулуп келген болсо, бул сумма дээрлик 10млн.чукул көбөйдү.


Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Иса Акматалиевдин айтымында көбөйгөндөн кийин (райондо) эң жогорку пенсия болжол менен 30-32миң сомдун тегереги болот.
“Пенсиянын көбөйгөндөн кийинки эң төмөнү суммасын чынында билбейбиз. Негизи пенсия базалык, 1жана 2-бөлүк деп үч бөлүктөн турат. Ал иш стажыга карата эсептелет. Азыр эми пенсионерлер көбөйгөнү тууралуу да ар кандай пикирлерди айтып жатышат. Пенсия өзүнүн тапкан эмгегине жараша көбөйдү. Дыйкан чарба менен пенсияга чыккан жарандардын мурда базалык бөлүгүн көтөрүлгөн. Ошол себептүү алардын пенсиясына аз өлчөмдө кошулду. Мындан сырткары майыптыгы боюнча пенсия алган жарандар дагы бар. Алар эгер 1-топтогу майыптыгы болсо бир эсе, экинчи топтогу майыптыгы болсо пенсия катары кетет. Бирок иш стажыдан көз каранды”,-дейт.