“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучуларга коопсуз шартта санарип билим берүү учур талабы

29 Октябрь 2022 жыл 8:04
Көрүүлөрдүн саны: 121

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде “Келечектин мектеби- окуучуларга коопсуз өнүктүрүүчү чөрөдө санариптик-маалыматтык технологияларды колдонуу менен билим берүү” деген аталышта облустук семинар болуп өттү.

Семинарга Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы Касымбек Мамытов, облустагы бардык райондордун жана Нарын шаарындагы билим берүү бөлүмүнүн башчылары, мугалимдери, методисттер, мектеп директорлору жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Алгач мектептин директору Астра Токтогулова мектептин тарыхына жана жетишкен ийгиликтерге токтолду.


Андан соң райондун акими Жумадилла Жапаров семинардын ачылышы менен куттуктап, өлкөдө билим берүү тармагында түзүлүп жаткан шарттар тууралуу айтты.
“Мектептин техникалык-материалдык базасы кайсы тармак бонча болбосун окуучуларга санарип технологияларды колдонуу менен заманбап билим берүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар.Окуучулардын коопсуз билим алуулары үчүн дагы видекөзөмөл орнотулган.
Нарын облустук усулдук билим берүү бөлумүнүн башчысы Касымбек Мамытов райондордо мындай семинарлар планга ылайык жыл сайын мектептер арасында тажрыйба алмашуу, алдыңкы ыкмаларды жайылтуу максатында өткөрүлүп турарын билдирди.


Куттуктоолордон кийин дайындалган ачык сабактарга катышты. Тактап айтканда Саадат Атаканованын химиялык элементтер жана формулалар боюнча кайталоо, Мунара Жумабаеванын “Клетка жана анын химиялык составы”, Венера Эсенканованын “Ата Журтубузду, тилибиз менен дилибиздин байлыгын коргойлу” ж.б темалардагы санарип технологияларды колдонуу менен даяралган сабактарына катышты. Ошондой эле Мурзабеков Шаршенбек агай Аскерге чейинки даярдоо сабагынын өтүлүшүн, Нургүл Макелеева менталдык арифметика боюнча ыкмаларды көрсөтүштү.

Жыйынтыгында катышуучулар семинар максатына жеткендигин, мугалим жана окуучулардын санарип технологияны колдоно билүүдөгү көндүмдөрүн, сабак өтүүдөгү жаңы ыкмаларды мыкты өздөштүргөндүгүн баса белгилешти.

Барчын Мамытбекова