“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада мугалимдер Медиа сабаттуулук жана Гендердик теңчилик боюнча окуудан өтүүдө

31 Октябрь 2022 жыл 15:37
Көрүүлөрдүн саны: 89

Ак-Талаа районундагы оро мектептердин англис тили сабагы боюнча мугалимдери үчүн Медиа сабаттуулук жана Гендердик теңчилик боюнча тренинг башталды. Онлайн жана оффлайн форматтагы 36 сааттык тренингди Лингва билим берүү борборунун регионалдык тренерлери Асел Сапарбаева жана Мөөркан Жумакадыровалар өтүүдө.

Тренер Мөөркан Жумакадырова

Мугалимдер практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты

Тренер Асель Сапарбаева сабак өтүүдө


Тренингдин максаты англис тил мугалимдерди профессионалдык жактан жана көндүмдөрүн ар тараптан өнүктүрүү болуп саналат. Өтүлүүчү темалар ар түрдүү алар ошого жараша теориялык билим алышып, практика жүзүндө аткарышат. Англис тилиндеги оюндарды, физикалык тыныгууларды үйрөнүшөт, сабактын пландарын иштеп чыгашат. Медиасабаттуулук, гендердик теңчилик, алган билимдерин өздөрүнүн сабактарында колдоно алышат.
Бул тренинг КР Билим Берүү жана Илим министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандагы Америка элчилиги жана Лингва инновациялык фонду тарабынан уюштурулуп, ишке ашып жатат.

Барчын Мамытбекова