“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мугалимдерге заманбап сабак өтүү ыкмалары боюнча окутуу өттү

31 Октябрь 2022 жыл 15:31
Көрүүлөрдүн саны: 113

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер, мектеп директорлору жана билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына “Чыгармачылык менен сабак өтүүдө техникалык заманбап каражаттар жана платформалар” деген темада атайын тренингдердин топтому өтүлдү.

АСтра Токтогулова заманбап усулдарды үйрөтүүдө

Элнура Дүйшембиева платформаларды көрсөтүүдө

Тренингде мектеп директору Астра Токтогулова, мугалимдер Эльнура Дүйшембиева жана Рыскүл Майрыкеевалар онлайн тесттин түрлөрү, сабак учурунда окуучулардан уюлдук телефондун жардамы жок эле карточкалар аркылуу тест алуу жана дароо текшерүү ж.б платформалар, жаңы усулдук ыкмалар тууралуу кеңири айтып түшүндүрүп беришти. Тренинг учурунда катышуучулар техникалык каражаттар менен тапшырмаларды аткарып беришти.

Тренингде практикалык иштерди аткарышты

Астра Токтогулова: “Азыркы учурда сабак өтүүдө ар түрдүү платформаларды, интерактивдүү усулдарды колдонуу талапка ылайык, натыйжалуу болот. Мындан сырткары мугалим сабак учурунда аны ырааттуу колдонуу менен бирге окуучуларды билимге эле эмес, заманбап технологияларда иштей билүүгө үйрөтөт. Азыр окуучулардын талабы мурдагыдай эмес. Алар мугалимден дагы көп билиши мүмкүн. Ошол себептүү мугалим замандан калышпай өзүн-өзү өнүктүрүп туруусу зарыл”,- дейт.

Барчын Мамытбекова