“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада USAIDдин “Окуу керемет” долбоору мектеп жетекчилерин окутууда

4 Ноябрь 2022 жыл 12:40
Көрүүлөрдүн саны: 127

Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун алкагында үч күндүк окуу-семинар уюштурулду. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, методисттер, башталгыч класстардын усулдук бирикмелеринин жетекчилери катышууда.


Окуу-семинар “Мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүүнү уюштуруу” деп аталып, башталгыч класстардын мугалимдерине натыйжалуу усулдук колдоо көрсөтүү максатында өтүүдө.

Окутуу «Окуу керемет» долбоорунун алкагында уюштурулду

Катышуучулар башталгыч класстарынын мугалимдерине усулдук колдоонун ыкмаларын үйрөнүштү


Аталган долбоорго райондогу 15 мектеп кирген жана КРнын Билим берүү жана Илим министрлиги менен кызматташтыкта иш алып барылат.Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев окуу-семинардын математика, окуу сабактарын окутуу үчүн пайдалуу экенин белгиледи.

Каныбек Эсеналиев-Ак-Талаа РБББнүн башчысы

“Мугалимдин сабагына анализ берүүнүн электрондошкон ыкмасы бар экен. Ошондой эле бул окуу 2025-жылы өтүүчү PIZA мониторингине даярдык көрүү үчүн жардам берет” деди.
Үч күнгө созулган окууну улуттук тренерлер Нурзат Молдакунова жана Динара Абдылдаевалар өтүп жатат.

Барчын Мамытбекова