Ак-Талаа районундагы 13 жергиликтүү кеңеште курултай өтүп, делегаттар шайланды. Эгер жалпы район боюнча 26 делегат көрсөтүлгөн болсо, мунун бешөөсү аялдар. Ал эми жаш курагы боюнча 50-60 жаш курактагылар басымдуулук кылып 15 делегат болсо, 30-40 жаштагылардан бирөө.

Курултайга нускамага ылайык өтүлдү

Азамат Таштанкулов (оңдон биринчи алдыңкы катарда) Элдик Курултайга делегат болуп шайланды

Курултай да социалдык маселелер көтөрүлдү

Курултайга шайланган 26 депутаттын бешин аялдар түзөт
Дээрлик ар бир кеңештердеги жергиликтүү курултайларда көбүнчө жол, бала бакча, таза суу, оорукана сыяктуу социалдык маселелер менен бирге ирригация, трансформация, айрым айылдарды бийик тоо аймакка киргизүү ж.б көйгөйлөрдү Курултайда көтөрүү сунушталды.
Барчын Мамытбекова