“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада бүтүрүүчүлөр аскердик бөлүктө болушту

16 Ноябрь 2022 жыл 23:37
Көрүүлөрдүн саны: 102

Ак-Талаа районундагы он бир орто мектептин бүтүрүүчү класстарынын 100дөн ашык окуучусу Нарын шаарындагы Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүндө болуп, «Ачык эшик» күнүнө катышып келишти. Окуучуларды Аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалимдери жетектеп барышты.

Окуучулар чек арадагы аскерлердин жашоосу менен таанышты

Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин АЧД сабагынын мугалими Шаршенбек Мурзабековдун айтымында аталган иш-чаранын негизи максаты-чек арадагы аскердик жашоо менен жакындан тааныштыруу. «ПЛАЦ (Аскердик иш чара өтүүчү аянт) деген эмне, аскерлердин күнүмдүк жашоо-шарты, байланыш куралдары, жатаканасы, тамактануусу менен таанышып, биринчи жардам көрсөтүү сыяктуу көндүмдөргө күбө болушту»,- дейт.

Аскердик бөлүккө негизи Устав боюнча каалаган эле жаран кирип-чыга бербейт. Ошондуктан бул иш-чара «Аскер бөлүгүндөгү ачык эшик» күнү деп аталып, тиешелүү тараптардын, жетекчилердин алдын ала макулдашуусу аркылуу уюштурулду. Аскерге чейинки сабакта окуучулар теориялык билимдерге ээ болсо, чек ара аскер бөлүгүнөн алар бир күндүк аскер жашоосун көрүштү.

Барчын Мамытбекова