“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада окуу бөлмөгө мугалимдин ысымы берилди

16 Ноябрь 2022 жыл 23:57
Көрүүлөрдүн саны: 105

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде Кубаныч Чолукованын ысымы англис тили кабинетине ыйгарылды. Аталган иш-чарага Кубаныч Чолукова үй-бүлөсү менен, жана замандаштары, мектеп жамааты, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Кубаныч Чолукованын бирге иштешкен кесиптештери

Салтанатты мектеп директору Астра Токтогулова ачып, Кубаныч Чолукованын өмүр жолу менен тааныштырды.

Астра Токтогулова (мектеп директору) эженин өмур жолу менен тааныштырды

“Биздин ардактуу мугалимибиз Чолукова -Кубанычбүбү — билим берүүнүн мыктысы, көптөгөн сыйлыктын ээси, ардактуу атуул, мыкты эне наамынын ээси. Чолукова Кубанычбүбү англис тили мугалимдеринин методикалык бирикмесинде эмгектенген. Англис тили методикалык бирикмесинин мектеп үчун эмгеги зор.
Чолукова Кубанычбүбү 1946-жылы 19-июнда Тянь-Шань облусунда туулган. 1964-жылы Нарын шаарындагы Токтогул атындагы 11 жылдык мектепти, 1969-жылы Фрунзедеги Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунун чет тилдер бөлүмүн англис тили адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Ак-Талаа районундагы Жданов атындагы орто мектепте англис жана орус тилдеринин мугалими болуп иштөө менен баштаган. 1970-1975-жылдары Тогуз-Торо районундагы Казарман орто мектебинде, 1976-1980-жылдары Ат-Башы районундагы №2 Ленин мектебинде, 1981-2003-жылдары Ак-Талаа районундагы Бейшеналиев мектебинде англис тили мугалими болуп эмгектенген” деп айтып, агартуучулук эмгегинде бир катар сыйлыктарга татыктуу болгонун белгиледи.

Кубаныч Чолукованын кесиптештери куттуктоо сөздөрүн айтышты

Кубаныч Чолукова жана жолдошу Көчкөнбай Чымбаев (ортодо) замандаштары менен

Учурунда бирге иштешкен замандаштары Кубаныч эженин кесипкөйлүгүн, адамкерчилигин, жолдошу Көчкөнбай Чымбаев экөө уул-кыздарына татыктуу тарбия бергенин айтышты.

Зарина Бейшеналиева