“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаадагы мектепте күз майрамы белгиленди

18 Ноябрь 2022 жыл 10:39
Көрүүлөрдүн саны: 153

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде салттуу түрдө белгиленүүчү 7-11 класстар арасында күз майрамы болду. Иш- чаранын жобосуна ылайык ар бир класстын окуучулары нандын, салаттын түрлөрүн даярдашып, жемиштерден жасалган композицияны көргөзмөгө коюшту.

Нандын түрлөрү көргөзмөгө коюлду

Чыгармачылык менен жасалган кийимдер көргөзүлдү

Мындан сырткары өз чыгармачылыктары менен жасалган ар түрдүү үлгүдөгү кийимдердин моделдерин көрсөтүшүп, күз мезгилинин сулуулугун чагылдырган дубал газеталарын жактап беришти. Мектеп администрациясынан түзүлгөн калыстар тобу окуучулардын эмгектерин баалашты.

Күз майрамына арналган салтанат мектеп парламенти тарабынан уюштурулду. Майрам окуучулары үчүн бий аянтындагы оюн-зоок менен аяктады.

Зарина Бейшеналиева