“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаадагы Көк-Жар айылында бала бакча жок

14 Декабрь 2022 жыл 23:15
Көрүүлөрдүн саны: 108

Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл аймагынын тургундары үчүн бала бакчанын жетишсиздиги маселе бойдон калууда. Анткени айыл аймак эки айылдан турганы менен 2013-жылы ишке берилген бир гана “Келечек муун” бала бакчасы бар. Бала бакчада учурда 100 бала тарбияланса, кезекте дагы 47 бала турат. Эки айылдын (Көк-Жар, Ак-Кыя) балдары мына ушул бала бакчада тарбияланат.

Ак-Кыя айылындагы бала бакча

Бала бакча Ак-Кыя айылында орун алган. Жайкысын билинбегени менен кышкы суукта Көк-Жар айылынан жеткинчектерди бала бакчага жеткирүү кыйла эле кооптуу. Анткени эки айылдын аралыгы эки чакырым жана ортосун чоң сай бөлүп турат.

Чыныбек Базаркулов (солдон биринчи)-айыл тургуну

«Көк-Жар айыл аймагында 943 калк жашайт. Айыл эли 75 орундуу бала бакчага муктаж. Айыл өкмөтү тарабынан бала бакча үчүн жери чечилип берилгени менен бирок каражат жок»,- дейт айыл тургуну Чыныбек Базаркулов.

Барчын Мамытбекова