“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Билим уясына жүз миң сомдук сертификат тапшырылды

31 Январь 2023 жыл 22:37
Көрүүлөрдүн саны: 115

Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев Ш.Бейшеналиев жана Э.Карасаров атындагы орто мектептерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100миң сомдон сертификат тапшырды. Себеби мурда маалым болгондой окуучулардын республикалык олимпиадасынын 2-баскычында алдыңкы орундарды камсыз кылган Баетов айылындагы мектептерге сыйлык берилери жарыяланган. Жыйынтыгында Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби 9 алдыңкы орунду камсыздаса, Э.Карасартов мектеби 5 орунга ээ болгон.

Олимпиадада Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык мектеп 9 алдынкы орунду камсыз кылган

Э.Карасартов мектеби 5 орун жеңип алган

Айыл өкмөт башчы А.Абдылдаев бул каражат мектептин кем-карчына сарпталарын айтты.
-Мектеп администрациясы жана жамаат бөлүнгөн каражатка мектептин кайсы муктаждыгын чечүү керектигин аныкташса, тендер жарыялайбыз. Эми алдыда болуучу ЖРТда ийгилик болсун” деди.

Барчын Мамытбекова