“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаш уздар эл аралык сынакта байгелүү болушту

31 Январь 2023 жыл 21:28
Көрүүлөрдүн саны: 120

Ак-Талаа районундагы Балдар билим борборунун жаш кол өнөрчүлөрү “Кыш чакырыгы” деп аталган эл аралык онлайн сынакка катышып, байгелүү орундарды жеңип алышты. Сынак 8 номинацияда жарыяланганы менен бир гана кол өнөрчүлүк ийрими катышып, 12 окуучу өздөрү жараткан эмгектерди жөнөтүшкөн. Сынакка жиберилген эмгектерди Кыргызстан, Түркмөнстан, Болгария, Монголиянын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу баалашкан. Жыйынтыгында Диана Нурланова жана Адинай Билалова 2-орунду жеңип алышса, Алена Токтосунова 3-орунга ээ болгон.

Диана Нурланова-сынактын жеңүүчүсү жана Айнура Баязова БББнун директор(оңдо), Венера Молдакунова

Венера Молдакунова БББнун ийрим жетекчиси жана

Ийрим жетекчиси Венера Молдакунованын маалыматына 7 жаштан жогору уз-чеберлер катышты. “Бул сынакка 3-ирет катышып жатабыз. Эң кичине катышуучусу Аруузат Иманбекова 7 жашта. Январь айында кол өнөрчүлүк боюнча видео түрүндө жасап жөнөткөнбүз. Жыйынтыгы жаман болгон жок”,- деди.

 

Барчын Мамытбекова