“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Эл аралык эне тил күнүнө карата “Сармерден” өтүүдө

20 Февраль 2023 жыл 18:44
Көрүүлөрдүн саны: 127

Ак-Талаа районунда Эне тилдердин Эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чаралар кабыл алынган. Анын алкагында райондук маданият үйү тарабынан мекемелер арасында “Сармерден” кыз-жигит оюну уюштурулуп, аны аталган тармактын өкүлдөрү баштады.

Андан соң жалпы дарыгерлер практикалык борборунун медайымдары менен билим берүү мекемелеринде эмгектенген агайлар өнөр сынашты. Оюн-зоокто кыргыздын ыр-күүлөрүн жаңырып, ар кыл аспаптарда кол ойнотушуп, манас айтылып, улуттук нарк-насилди даңазаланды. Мындан сырткары макал-лакап, жаңылмач айтылып чечендик өнөрлөрүн көргөзүштү.

Маданият үйүнүн кыздары

Агайлар  тапшырмаларды  аткарууда

“Сармерден” кыз-жигит оюнунун жобосуна ылайык катышуучулардын курамы он сегиз адам болуусу белгиленип, сахнада алып жүрүү маданияты, ыр-бийди аткаруу чеберчилиги, улуттук кийимдер менен катышуусу эске алынды.
Кыз-жигит оюнунун кийинки кезеги бала бакча жана М.Барашов атындагы №40 кесиптик лицейге узатылды.

Барчын Мамытбекова