“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада мектептерге математикалык сандыкча берилди

17 Март 2023 жыл 18:11
Көрүүлөрдүн саны: 148

Ак-Талаа районундагы максаттуу он беш орто мектептин башталгыч класстары үчүн “Окуу керемет” долбоорунун алкагында USAID тарабынан математикалык сандыкча берилди.

Математикалык сандыкча 15 мектепке берилди

Башталгыч класстарда математика сабагында колдонулат

Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Нурзат Иманбекованын айтканына караганда математикалык сандыкчанын негизги максаты-окуучуларга математикалык түшүнүктөрдү, идеяларды физикалык түрдө кармап жана сезип көрүү менен (тажрыйба алмашуу) түшүнүүгө, математика сабагында аларды колдонууга жардам берет.

“Мындан сырткары моделдерди элестетүүгө, математикалык символдордун жана алардын ортосундагы байланыштардын маанисин, касиеттерди түшүнүүгө өбөлгө болот”,- деди ал.

Ошондой эле көрсөтмөлүү усулдардын жардамы менен материалдарды туура колдонуу, окуучуларда так сандык, мейкиндик жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырат.

Барчын Мамытбекова