Улан Сейитов Ак-Талаа районундагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде физика мугалими болуп эмгектенет. Сабак берүүдөн сырткары жөндөмдүү окуучулар менен ийримде ар кандай роботторду жасоо, программалоо боюнча иш жүргүзөт. Окуучулары жакында өткөн жаш ойлоп табуучулардын форумунда үч номинация боюнча биринчи орунду камсыз кылып, облустук турга катышууга жолдомо алышкан.

Улан Сейитов (солдо биринчи)жеңүүчү окуучулары менен
Улан Сейитовдун айтымында окуучулары акыркы үч жылдан бери алдыңкы ийгиликтерди жаратып келе жатышат.

Улан Сейитов окуучулары менен
“Райондук, облустук сынактарга чейин катышып, эмгектерибизди көргөзмөгө коюп жүрөбүз. Алдыда окуучуларым менен бирге акылдуу үйлөрдү программалоо менен элге кызмат кылган фирма ачуу максатыбыз бар. Буга чейин да жасаган көп эмгектерибиз бар. Ар бир эмгекти жасоодо өзүнүн максаты болот. Мисалы “Акылдуу фермада” фермердин ишин автоматташтыруу менен жеңилдетүү”,- дейт.

Окуучулар роботторду үйдө жасашат

Улан Сейитов (ондон үчүнчү) Москвадагы Станкин технологиялык Университетинде болду
Улан Сейитов менен бирге алты окуучу менен көпчүлүк учурда үйдө жасашат. Ал эми роботторду же ар кандай технологияларды жасаш үчүн каражаттарды сатып алууга ата-энелер жардам берет. Үстүбүздөгү жылдын март айында кесибин жогорулатуу программасынын алкагында Москвадагы Мамлекеттик Технологиялык Станкин Университетте болуп кайтты. Айтымында окуу жайда техникалар станоктор менен шарт аябай жакшы. Бизде болсо робот жасоого техникалар жок, бирок каалоо, умтулуу күчтүү деп кошумчалады.
Барчын Мамытбекова