“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мекемелер арасында спорттук мелдеш өттү

9 Май 2023 жыл 21:22
Көрүүлөрдүн саны: 126

Ак-Талаа районунда “Тайлак баатыр” балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин уюштуруусу менен волейбол жана футбол мелдеш өткөрүлдү. Ага мекемелерде эмгектенген кызматкерлерден жети команда катышып, мыкты оюн көргөзүштү.

Командалар кызыктуу оюн көрсөттү

Жеңүүчүлөргө медаль жана диплом тапшырылды

Волейбол оюну учурунда


Балдар спорт мектебинин жетекчиси Улан Доктурбек уулунун айтымында мекемелер аралык мындай мелдештер ынтымакты чыңдоо, сергек жашоо образы калыптандыруу, спортту жандандыруу жана өнүктүрүү максатында байма-бай өткөрүлүп турат.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана белектер тапшырылды.

Мээрим Тентиева