Ак-Талаа районундагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби акыркы жылдан бери НАМА фондунун NICE Kyrgyzstan уюму менен тыгыз кызматташтыкта иштеп келишет. Жакында аталган уюм тарабынан мугалимдер үчүн ROOTS программасы боюнча 4 күндүк тренинг уюштурулуп, 30 мугалим окуудан өтүштү.

Мугалимдер тренинг учурунда

Сертификаттар тапшырылды
Мектептин директору Төлөбек кызы Анаранын айтымында буга чейин мектеп жетекчилери, окуучулар жана ата-энелер үчүн окутуулар уюштурулган.

Анара Төлөбек кызы(солдо) жана Асель Сапарбаева
“Бул окутуулардын төртүнчүсү, абдан кызыктуу болду. ROOTS деген сөздү сөзмө-сөз которо турган болсок тамыр дегенди билдирет. Окуучуларды түп-тамырынан бери өзгөртүүгө багытталган программа. Чыгаан мугалимдердин жол картасы, окуучуларды жаркын жана ийгиликтүү тарбиялоого умтулган бардык предметтер боюнча мугалимдер үчүн комплекстүү программа болгондуктан билим берүүнүн жаңы доорун ачууга , ой жүгүртүүсүн өзгөртөт жана жаңы көндүмдөрдү бекемдөөгө жардам берет” деди ал.
Мугалимдер үчүн уюштурулган окутууда НАМА фондунун тренерлери Тыныбек Наралиев, Отабек Бекназаров жана Асел Сапарбаевалар тренерлик кылышты.
Барчын Мамытбекова