“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Алименттен баш тартуунун бир нече себептери бар

6 Сентябрь 2023 жыл 6:51
Көрүүлөрдүн саны: 336

Алимент дегенде көпчүлүк учурда ата-эненин бала 18 жашка чыкканга чейинки камсыз кылуучу каражат же материалдык жардам катары түшүнөбүз. Мындай учур ата-энелер ажырашканда кездешүүчү жагдай. Балдарды баккан энеси же атасы алименттен баш тарткан учурлар болот.
Үч балалуу Айжан Жумалиеванын (аты-жөнү өзгөртулдү) ажырашып кеткенине 20 жылдын жүзү болду. Каарманыбыз алименттен баш тарткан себебин мындайча түшүндүрдү:
“Алгач бала багуу кандай экенин билсин, мунун дагы баласы деп алиментке бергем. 1 жыл төлөдү. Бирок дайыма келип тынчымды алып, беймаза кыла бергенден улам кайра баш тарттым. Анын үстүнө жарыбаган акча болчу. Балдарды жалгыз бактым. Турмушка узаттым. Баары очор бачар болду. Азыр эми мага окшоп алимент албагандар көп. Кымбатчылык болсо бул. Алименттин көлөмүн көбөйтүү керек”
Чындыгында алименттен баш тартуунун бир нече себептери бар. Кээде документ топтоого кеткен каражат алименттин өлчөмүнөн ашып түшөт. Изилдөөчү жана гендердик эксперт Нурзада Садырбекова алименттен бюрократиянын айынан да баш тартышары мүмкүн дейт.

Изилдөөчү Нурзат Садырбекова

“Ажырашкан же ажырашып жаткан аялдар бир топ себептердин айынан алименттен баш тартышы мүмкүн. Биринчиден, бюрократия. Документтерди топтоо татаал. Экинчиси алименттин көлөмү чуркаганга тете болбой калышы мүмкүн. Себеби алимент төлөөчүлөр төмөн көлөмдө төлөшөт. Ал үчүн алар ар кандай маалым каттарды даярдап, аракет жасагандар көп. Ошого байланыштуу аялдар албай эле койдум деген учурлар көп”.
Бала көпчүлүк учурда эненин колунда калгандыктан алиментти атасы төлөйт деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок мыйзамга ылайык ата-эне экөө тең баланы багууга милдеттүү. Ак-Талаа райондук соттук аткаруучулар бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Залкарбек Кубанычбек уулу эки жолго түшкөн жубайлар алимент төлөө туралуу өз ара келишип, алименттен баш тарткан учурулар жок эмес экенин айтты.

Кубанычбек уулу Залкарбек улук сот аткаруучу

“КРнын үй-бүлө кодексинин 86-беренеде ата-эненин баланы багууга милдеттүү экени жазылган. Демек баланы ким бакса алимент ошо киши алат. Аял таштап кеткен учурлар кездешип жатат. Бизде да андай иштер бар. Карызкор менен өндүрүүчү өз ара келишип, ири өлчөмдө каражат же башка материалдык жардам берсе алименттен баш тартат” дейт.
Ак-Талаа району боюнча алиментке байланыштуу 80 иш каттоодо турса, булардын ичинен бирөө энеден алимент өндүрүү боюнча. Бул сан туруктуу эмес. Көбөйүп же азайып турушу мыйзам ченемдүү. Бирок алимент төлөөчүлөр дагы алуучулар дагы болбосун. Бала ата-энеси менен бактылуу балылыкта чоное берсин.

Барчын Мамытбекова