Ак-Талаа районунда “Ак-Талаа айымдары” коомдук фонду түзүлүп, өз ишин баштады. Айымдардын башын бириктирүү, ынтымакка чакыруу жана кайрымдуулук иштерин көздөгөн фонддун ачылышына аксакалдар, жергиликтүү жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Фонддун ачылышына аксакалдар катышты

Фонддун түзүүчүлөрүнө райондук админстрациясынын Грамотасы тапшырылды

Наргиза Ибраимова фондду түзүүчүлөрдүн бири

Жылдыз Жолоева фонддун төрайымы

Дөөлөтбек Берикбаев «Ак-Талаа Эл коомунун» жетекчиси (солдо) жана мүчөсү Карыпбек Асанов
Фондду түзүүчүлөрдүн бири Наргиза Ибраимованын маалыматына караганда учурда курамындаалгач 18 айым бар болсо, учурда 20дан ашты. “Курамында мигранттар, Кыргызстанда жашагандар бар. Акыркы 3-4 жылдан бери муктаж болгон учурда кайсы тармак болбосун ар кимибиз өз алдынча жардам берип келе жатабыз чындыгында. Анан башыбызды бириктирип, коом түзүп, кайрымдуулук иштерин чогуу жасасак деген ой пайда болду. Новосибирск, Санкт-Петербург, Екатеринбург,Москвадагы жана Кыргызстандагы Акталаалык ишкер эжелер менен байланышып, кеңешип, документтерин дардап, расмий каттоодон өттүк. Фондду өзүбүз каржылайбыз. Чогулган каражат Ак-Талаа районунун ичине гана жумшалат. Биринчи иш-чарабыз карылар күнүн райондук денгээлде белгилеп, аксакалдардан бата алып, фонддун тушоосун кестик” деди.
Н.Ибраимова фонддун негизги максаттарынын бири бул-алыста, жакында жүргөн Акталаа айымдарын бириктирүү, ынтымакка чакыруу, бири-бирибизге моралдык, материалдык жардам берүү деп кошумчалап, алдыдагы максаттар менен бөлүштү.
Барчын Мамытбекова
Ак-Талаа району