“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Суу тартыштыгын чечүүгө аракеттер жасалууда

25 Октябрь 2023 жыл 22:30
Көрүүлөрдүн саны: 78

Ак-Талаа райондагы Тоголок Молдо айыл аймагынын Кадыралы айылындагы союз кезде курулган суу жүрүүчү лотокторду оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Оңдоо иштери БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын алкагында жасалууда. Айыл башчысы Соңкөлек Кайымбек  уулунун айтымында 6км 5м лотоктордун эскилиги жетип, колдонулбай калган.

Жасалып жаткан суу лотогу

Кадыралы айылынын башчысы Соңколбек Кайымбек уулу

“Бул жумуш толугу менен ишке берилип бүтүп калса дыйкандардын үлүш жерлери, ошондой эле айыл ичиндеги огороддор жайында суу менен камсыздалып, тартыштыгы чечилет эле. Буга чейин сугат суусу чоң сай менен келчү. Жайдын ысыган мезгилинде сайга түшкөн суу толук жетпей, ар кай жерде сиңип, аз бөлүгү гана жетчү. Анын үстүнө кар аз жаап, дыйкандардин эгин, беде аянттарына толук суу жетпей калчу. Мындан улам кеч сугарылып түшүмдүүлүк аз болуп, бир топ көйгөй жаратып келген. 134 400 сом акча каражаты өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен  бөлүнүп, ага шагыл, цемент ж.б керектүү каражаттарды сатып алууга жумшап жатабыз» деди.

Ондоо иштенрине муниципалдык ишкананын техникасы тартылды

Лотокторду оңдоо иштерине айыл тургундарынан 25 киши тартылган. Алардын эмгек акысы программа аркылуу төлөнөт. Оңдоп-түзөө иштерине муниципалдык ишкананын техникасы тартылды.

Барчын Мамытбекова