“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада канча пенсионер бар?

16 Ноябрь 2023 жыл 22:27
Көрүүлөрдүн саны: 85

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта өлкө башчысынын “пенсиянын камсыздандыруу бөлүмүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо тартиби жөнүндө” жарлыгына ылайык көбөйдү. Тактап айтканда, жаш курагы боюнча, багуусунан ажырагандыгы же ден-соолугуна байланыштуу майып адамдардын пенсиялары 38% жогорулады.

Иса Акматалиев-Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы

Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгын башчысы Иса Акматалиевдин айтымында пенсия үч бөлүктөн турат. “Базалык бөлүк былтыр көбөйгөн. Быйыл камсыздандыруу бөлүгү 38% индексацияланды. Азыркы тапта райондун аймагында 6миң 63 пенсионер бар. Буга чейин жалпы 47млн 916миң сом төлөнүп келген болсо, октябрь айынан баштап 58млн 280миң сомго жетти” деди.
Дыйкан чарба менен пенсияга чыккандардын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнө 500 сомдон кошулуп, төлөндү.

 

“Эгер иштеп жүрүп пенсияга чыккан жарандын пенсиясы 10миң сом болсо, 2955 сомго көбөйдү. Демек камсыздандыруу бөлүгү көп сумма болгон пенсионерлердин пенсиясына жакшы кошулду. Азырынча пенсияга документ топтоо же пенсияны эсептөө боюнча маселе жок” деп кошумчалады И.Акматалиев.
Пенсияны банк аркылуу алгандар ар бир айдын онунчу числосуна чейин, ал эми почта аркылуу онунан кийин график менен төлөнөт.

Барчын Мамытбекова