“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Вакцина сактоочу жаңы кампа курулду

20 Ноябрь 2023 жыл 20:21
Көрүүлөрдүн саны: 93

Ак-Талаа райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда “вакциналык кампасын куруу иштери аяктады. Кампанын курулуш иштери Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, “Ковид-19 илдетине чукул чара көрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Аталган борбордун жетекчиси Эрлан Бекишовдун маалыматына караганда вакцина сактоочу кампа төрт жарым млн.сомго курулду.

Жаңы кырылган вакцина сактоочу кампа

 “Ковид-19 илдетине чукул чара көрүү” долбоорунун алкагында курулду

Кампанын ички бөлмөлөрү

“Бул кампада жалпы районго келген вакциналар сакталат жана ушул жерден райондун аймагындагы бардык медицина мекемелерине таратылып берилип турат” дейт.
Ал эми лаборатория жана администртивдик имараттын 29млн.800миң сомдук долбоордук-сметалык документтери жана имарат куруу үчүн жер аянты даяр болгону менен каражат чечилбей келет.

Барчын Мамытбекова