Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында суу өзгөчө көп пайдаланган жай мезгилдеринде таза суу таңсыктыгы жаралчу. Себеби, айылдын төмөн жагындагы тургундар таза сууну көп пайдаланган учурларда айылдын жогору жагына суу жетпей калган учурлар болуп келген.
Бул көйгөй «Катар кайрымдуулук фондунун” колдоосу менен чечилип, натыйжада 1млн800миң сомго айылдын жогорку бөлүгүнө таза суу кудугу(скважина) курулуп, андан ары ал суу тутутумуна кошулган.

Казылган траншея

Бетон шакекчелер орнотулду

«Катар кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган суу скважинасы

Транщеяга суу түтүктөрү жаткырылды
Тоголок Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтымында, 130 метр аралыкка траншея казылган. Ага суу түтүктөрү жаткырылып, жакынкы суу түтүкчөсүнүн кудугу (колодец) аркылуу айылдын негизги таза суу тутумуна туташтырылды. Ал эми суу кудугунун жанына бетон шакечелер орнотулуп, айланасы тосулду. Ошондой эле электр мамысы тургузулуп, зымдары тартылып, эсептегич орнотулду.
Эгер кокустан айылдын таза суу тутумунда авариялык абал жаралса, кошумча таза суу скважинасын пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Барчын Мамытбекова